Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.08.2014 11:10

Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан 60 бала Түп-Маяк эс алуу лагерине жөнөтүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облустук администрациясы 60 баланы Түп-Маяк эс алуу лагерине эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу облусттук администрациядан маалымдакан, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ар жылы райондогу мектептердин окуучуларын балдар лагеринде эс алуусун уюштурат.

Жакында эле, өкүлчүлүк тарабынан 60 балага жолдомо берилип, алар Түп-Маяк балдардын эс алуу лагеринде 4-агым менен эс алышууда.

Балдардын эс алуусуна өкүлчүлүк тарабынан 70 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×