Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.08.2014 15:18

Үркүндө «Кайчы» ашуусунан 20дан ашык каза болгон адамдардын сөөктөрүн жерге берүү зыйнатына ЖК депутаттары катышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн Үч-Кошкон айылында 1916-жылы кайгылуу окуя болгон «Кайчы» ашуусунан жыйырмадан ашык кыргыз атуулдарынын сөөктөрү куран окулуп жерге берилди.

ЖК басма сөз кызматы маалымдагандай, өкмөттүн буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, анын төрагасы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектеп, комиссиянын төрагасынын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, окумуштуу жана коомдук ишмерлер Руслан Маманов, Бейшенбек Абдрасаков, Турдубек Шейшеканов, Тынчтыкбек Чоротегин, Темирбек Токтогазиевдер алдыдагы коюлган максаттар боюнча иш алып барышты.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов да иш-чарага катышышты.

Жыйында Үркүн маалында каза болгон ата-бабалардын басып өткөн жолун, жашоо-турмушун, тагдырын жергиликтүү эл менен бирге эскерип, келечектеги кыргыз муундарына ар дайым эскерүү, таалим-тарбия иретинде сөздөр айтылып маркумдарга арналган эстелик орнотулду.

үркүн

үркүн2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×