Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 05.08.2014 14:02

Ысык-Көлдүн тоолорунда 309 миң гектардан ашуун корук жер бар

Turmush -  Ысык-Көлдүн тоолорунда 309800 гектардан ашуун корук жер бар. Бул тууралуу эл аралык Жапайы жаратылыш дүйнөсү фондунун өкүлдөрү билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Алардын айтымында экономиканы көтөрбөй туруп, экологияны коргоо мүмкүн эместиги иш жүзүндө далилденген.

«Ысык-Көлдүн тоолорунда корук жерлердеги илбирстердин, аркар кулжалардын тукумун сактап калуу милдети турат. Экономиканы көтөрбөй туруп, экологияны коргоо мүмкүн эместиги иш жүзүндө далилденген. Ошол себептен деӊиз деӊгээлинен 3200 бийикте жашаган Эӊилчек, Ак-Шыйрак айылдарынын калкынын жашоо шартын жакшыртуу зарыл. Биз бул айылдарда жамаатык резервдик фонду түзүү максатын көздөп жатабыз. Ал үчүн бул айылдарга Жапайы жаратылыш фонду 5000 доллар грант бөлдү», - дейт фондун өкүлдөрү.

Ак-Шыйрак жана Эӊилчек айылдарынан келген өкүлдөр жамааттык резервдик фонду түзүүнүн эӊ натыйжалуу экенин Тогуз-Булак айылынын мисалында иш жүзүндө көрүшүп, резервдик фонду түзүүгө 1000 сомдон чогултуп берүүгө тезинен киришүүгө ниеттенишүүдө.

Тема боюнча: Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйрак жана Эӊилчек айылдарында жамааттык топтор өздүк фонд түзүп, айылдын көйгөйлөрүн чечишет

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×