Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.08.2014 15:52

Караколдун негизги жолдору оӊдолууда бирок, бөлүнгөн 34 млн сом жетишсиз

Turmush -  Каракол шаарынын негизги жолдору оӊдолууда, бирок, ага бөлүнгөн 34 миллион сом жетишсиз. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, Каракол шаарында Шапак Баатыр, Ленин, Коенкозов көчөлөрү капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Шапак Баатыр көчөсүнө 24 миллион сом, Коенкозов көчөсүнө 17 миллион сом Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Ал эми Ленин көчөсүн оӊдоого жалпысынан 45 миллион сом талап кылынат. Мэрия Карасаев, Парковая ,Кутманалиев көчөлөрүн оӊдоону пландап жатат. Ал эми жолдорду оӊдоого азырынча 34 миллион сом которулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×