Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 04.08.2014 13:59

Чолпон-Атадагы кичи райондордун биринде балдар аянтчасы курулду

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын №3 кичи районунда жаңы балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакировдун айтымында, аталган аянтты курууга 300 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, ал «Бирлик-1» кичи районунда чакан футбол талаасы орнотулгандыгын кошумчалады. Белгилей кетсек, бийлик өкүлдөрү ПМК кичи районунун чыгыш тарабына да балдар аянтын курууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×