Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 04.08.2014 12:19

Ысык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык аймактар инвентаризациядан өткөрүлөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда курорттук-рекреациялык аймактарда жайгашкан объекттерди текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Э.Каптагаев облустун укук коргоо органдарынын, салык кызматтарынын жана мамлекеттик каттоонун жетекчилерине көлдүн жээгинде бир нече объектилери жайгашкан курорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелерди жалпы инвентаризациядан өткөрүү максатында аталган комиссияны түзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, бир пансионаттын аймагында бир нече чарба курулуштары (коттедж жана башкалар) жайгашкан пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн салык төлөөчүлөрүн аныктоону тапшырды. «Эгер үй же объект курорттук-рекреациялык аймакта жайгашса, эс алуу үйү катары катталып, патени аркылуу иш жүргүзсүн же кыймылсыз мүлк катары салык төлөсүн», - деди Э.Каптагаев.

Мындан тышкары, облустук комиссиянын жыйынтыгында санитардык-экологиялык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттарды текшерүү тапшырмасын берди.

«Эгер комиссия жабылсын деп чечим чыгарган болсо, алар эс алуучуларды кабыл албашы керек. Биз баарынан мурун көлдүн экологиясынын жана анда эс алып жаткандардын коопсуздугун ойлойбуз», - деп билдирди өкмөттүн өкүлү күч түзүмдөрү менен болгон жыйында.

Белгилей кетсек, жайкы туристтик сезондун аягына чейин жетишүү максатында ведомстволор аралык комиссия эң жакынкы арада ишине киришмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×