Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 04.08.2014 10:50

Фото - Ысык-Көлдө Үркүн окуясында Кытайга качкан ата-бабалардын сөөктөрү бийик аска зоолордун арасынан чогултулуп, жерге жашырылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга качууга мажбур болгон ата-бабалардын сөөктөрү бийик аска зоолордун арасынан чогултулуп, жерге жашырылды жана аларга арналып куран окулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага 2016-жылы өтө турган Үркүндүн 100 жылдык иш-чарасына карата түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы - биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, Кожобек Ырыспаев жана тарыхчылар, окумуштуулар, журналисттер, ошондой эле Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагынын жергиликтүү калкы катышты.

«Бийик аска зоолордун арасынан чогултулган сөөктөр жерге көмүлүп, куран окутулуду жана ошол жерге мрамор ташынан чегилген атайын белги орнотулду. Бул иш-чара Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алгачкы башталышы болду жана мындан ары 2016-жылга чейин белигиленген тартипте иш-чаралар өткөрүлө бермекчи», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 8-апрелиндеги КРөкмөтүнүн №340-4 токтомунун негизинде 1916-жылкы көтөрүлүштө көз жумган адамдарды ар жылы август айынын алгачкы жума күнү эскерүүнү бекиткен.

Изображение 021

Изображение 024

Изображение 026

Изображение 031

Изображение 014

Изображение 027

Изображение 018

Изображение 042

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×