Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.08.2014 10:26

Ак-Суу районунун жаштары кум казган Кереге-Таш жана Сары–Камыш карьерлеринин ишмердүүлүгүнө каршы

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун жаштары кум казган Кереге-Таш жана Сары–Камыш карьерлериндеги өзүм билемдикке каршы. Бул тууралуу Кереге-Таш айылынын тургундары билдиришүүдө, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Нааразы тараптын билдиришинче, Каракол шаарындагы айрым курулуш уюмдарын кум менен камсыз кылган ишкерлер Кереге-Таш жана Сары–Камыш айылына тиешелүү карьердеги кумду каалашынча ташып кетип, айылдын тургундарына кенедей пайда келтиришпейт. Ошол себептен эки айылдын жаштары карьерде мыйзамсыз ишин жүргүзгөн ишкерлерди карьерди бошотуу талабын коюп чыгышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Каракол шаарынан курулуш уюмдарына кум ташуу менен алектенген жеке ишкерлер Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен кум ташуу боюнча келишим түзүшкөн. Бирок айыл тургундарынын айтымында, келишим туура эмес түзүлгөн. Анда жергиликтүү калк үчүн эч кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жагдайы каралган эмес. Келишим боюнча бир айылга күнүнө бир эле унаа кум бериле турган болуп калган.

Ал эми карьерден күнүгө 25 унаадан кум алынып кетүүдө.

Айыл жаштары карьер боюнча келишимди кайрадан карап чыгып, айылдын кызыкчылыгына туура келген чечимге келсе, кум алууга уруксат берилет, деген ниетин билдиришүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×