Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 04.08.2014 09:27

Вице-премьер А.Маматалиевге Боом капчыгайындагы жеке ишкерлер соода жүргүзө албай жаткандыгын айтып, нааразычылык билдиришти

Turmush -  КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев Ысык-Көл облусундагы республикалык жол кайгуул кызматынын аткарып жаткан иши менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьердин эки күндүк иш-сапары учурунда Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайындагы Муздак суу деген жерде ашкана, соода дүкөндөрү турган аянтка барчу жол тосулуп, ал жерге токтоо мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болгон. Жеке ишкерлер соода сатык жүргүзө албай, нааразылык билдиришкен.

Ысык-Көлгө карай каттаган жолдо кыймыл өтө көп болгондуктан, кээ бир жол тилкелери тар болуп, жол коопсуздугуна коркунуч келтирген учурлар болгон.

Бул жол каттамында жол эрежесин бузган айдоочулар убара болбой, айып пулдарын жеринде күзөт терминалдарга барып төлөшөт.

Бул коррупциянын алдын алууга, айдоочулардын убактысын албай, убаракерчиликтен бошотот. Жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамга каршы иштерин дароо билдирүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн ишеним телефондору көпчүлүк жерлерде иштеп жатат.

Ошону менен катар жол кайгуул кызматкерлеринин таза иштөөсүнө шарт түзүүчү жаӊы абал киргизилди.Өкмөттүн буйругу боюнча мындан ары жол кайгуул кызматкерлерине айдоочулардан түшкөн айып пулдардын 25 пайызы сыйлык катары берилет.

Вице-премьер-министр жол кайгуул кызматкерлерине эс алуучулардын коопсуздугун сактоо негизги милдет экендигин эскертип жана текшерүү учурундагы аныкталган кемчиликтерди жоюуну ИИМ жол кайгуул кызматына тапшырды.

Тема боюнча: Ысык-Көлдө вице-премьер-министр А.Маматалиев жол кайгуул кызматынын аткарып жаткан иши менен таанышты

Боом капчыгайында аялдар тобу жол тосууга аракет кылышты (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×