Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.08.2014 13:58

Каракол шаарында эмчек эмизүү акциясы башталды

Turmush -  Каракол шаарында эмчек эмизген энелер менен иш жүргүзүү күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Караколдогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Эмчек эмизген энелер менен иштөө күндөрү 1-августтан 7 –августка чейин уланат. Бул күндөрү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери энелерди кабыл алышып, аларга кеӊеш берүүнү, ден соолуктарын текшерүүнү жүргүзүшөт.
Дарыгерлер баланы эмчек сүтү менен эмизүү маанилүү экенин түшүндүрүп,энелерге баланы эки жашка чейин эмизүү натыйжалуулугун баса белгилешет.

“Эне сүтүн эмген бала бардык ооруларга туруштук берип, ден соолугу чың болуп чоӊоет. Анткени, эне сүтүнүн курамында бала үчүн керектүү бардык витаминдүү азыктар бар”, - дешет дарыгерлер.

Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 4 дарыгер 5 медайым эмгектенет. ҮДТ каттосунда 2526 эмчек эмизген энелер каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×