Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 01.08.2014 17:59

Ысык-Көлдөгү айылдарда 30га жакын кайыктар бар, алардын ээлери мыйзамсыз балык улоо менен алектенишет, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Ысык-көлдүк балыкчылар мергенчиликтин ээнбаштыгына жана Ысык-Көл көлдүн аймагындагы экологиялык жагымсыз кырдаалга нааразы болушууда. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгынын директору Таалайбек Карысартов 1-августта ведоствонун 2014-жылдын 1-жарым жылдык коллегиясында билдирди.

Анын айтуусунда мыйзамсыз балык кармоо өнөр жайлык машстабда жүргүзүлүүдө.

«Ысык-Көлдөгү айылдарда 30га жакын кайыктар бар, алардын ээлери мыйзамсыз балык улоо менен алектенишет. Эң коркунучтуусу алар кытайлык балык улоочу сеткаларды колдонушат, кийин аны сууда унутуп калышат. Башкармалыктын балансында 1 кайык бар, аны менен менченчилерди кууп жете албайбыз же алар менен эффективдүү түрдө күрөшө албайбыз», - дейт Т.Карасартов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×