Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 01.08.2014 15:41

Мамэкотехинспециясы жерлерди коргоо боюнча Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы аймактык башкармалыктын ишин начар деп белгиледи

Turmush -  Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы жерлерди коргоо боюнча Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы аймактык башкармалыгынын ишин начар деп белгиледи. Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык башкармалыгынын ишинде көзөмөлдү аткаруу жана жерлерди коргоо боюнча иштерде бир нече олуттуу жетишсиздиктер аныкталган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын директорунун орун басары Абдибек Сатымбаев бүгүн, 1-августта ведомсвтонун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда билдирди.

«Аймактык башкармалык тарабынан жергиликтүү өзүн өзү башкарууларды текшерүү боюнча иштер аткарылган эмес. 6 айыл округунун экөөсү гана текшерилген. Муну менен бир катар кемчиликтер бар экендигин белгилеп коюу керек, анын ичинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилген эмес. Текшерүү учурунда жерлердин баардык 8 категориясы камтылган эмес, болгону жер мыйзамынын 10 түрү боюнча гана тартип бузуулар аныкталган», - деди А.Сатымбеков.

Анын айтуусунда, мындан тышкары отчуттук убакытта жер мыйзамын бузган фактылардын бирөө дагы четтетилген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×