Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.08.2014 14:48

Ысык-Көл облусундагы «Улан» лагеринде «Кыялдар аралы» аталышындагы акция өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы «Улан» балдар лагеринде «Кыялдар аралы» аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акция Балыкчы шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана жаштар кыймылынын активисттеринин колдоосу менен ишке ашты.

Маалым болгондой, уюштуруучулар балдар менен бирге лагердин айланасын жана көлдүн жээгин тазалашты.

Мындан тышкары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүштү.

Балыкчы шаардык мэриясы балдардын эс алуусу үчүн 300 миң сом бөлүп, анын негизинде аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына «Улан» лагерине жолдомо берилди.

Учурда аталган лагерде 132 бала эс алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×