Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.08.2014 12:08

Ысык-Көлдүн «Улан» балдар лагеринде «Кыял аралы» акциясы өткөрүлдү

Turmush -  Ысык-Көлдүн «Улан» балдар лагеринде «Кыял аралы» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынан маалымдашкан, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Балыкчы шардык мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык жаштар кыймылынын активисттери Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Улан» балдар лагеринде «Кыял аралы» акциясын өткөрүштү.

Уюштуруучулар балдар менен чогуу лагердин айланасын, көл жээгин тазалап ,таштандыдан арылтып чыгышты.

Ошондой эле, экологияга жаратылышты коргоого арналган ар кандай көӊүлдүү иш чараларды өткөрүштү.

Айта кетсек, Балыкчы шаарынын мэриясы балдардын жайкы эс алуусуна 300 миӊ сом бөлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга «Улан» лагерине жолдомо алып беришкен. Азыр мында 132 бала эс алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×