Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.07.2014 18:18

Ак-Суу районундагы томолой жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 67 бала лагерге жиберилди (фото)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев «Ачык жүрөк» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен кечээ, 30-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы томолой жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 67 баланы Тору-Айгыр айылындагы «Маяк» балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерге жиберди.

Маалыматка ылайык, балдарды жеткирүүчү автобусту Ысык-Көл облустук МАИ кызматкерлери коштоп барышты.

Маалым болгондой, бул иш-чарага баардыгы болуп 400 миң сом каражат сарпталды.

Белгилей кетсек, балдар лагерде 9-августка чейин эс алышат. Андан сырткары, 6-августта эс алып жаткан балдар үчүн «Табылга» жаштар кыймылы Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын жаш таланттары менен биргеликте оюн-зоок-маданий иш-чараларды өткөрүшмөкчү.

SAM_2712


SAM_2718
SAM_2724
SAM_2738

SAM_2731

маяк

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×