Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 31.07.2014 17:39

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында жайгашкан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жаңы эшик салынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна жаңы өз алдынча эшик салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун жетекчиси Руслан Элебесов билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн имаратына келгендердин 30-40% Өнүктүрүү фондуна келгендер.

«Андыктан жеке эшик чыгаруу чечими кабыл алынып, ал үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылды», - дейт ал.

Ошондой эле, ал Өнүктүрүү фондунда 9 жумушчу бөлмөсү, 1 басма сөз жыйынын өткөрүүчү зал жана байкоочу кеңеш үчүн 1 конференц-зал болорун кошумчалады. Эске салсак, фонддо 18 кызматкер бар.

Маалым болгондой, оңдоп-түзөөгө 450 сом бөлүнгөн жана бул каражат бул жумада түгөнөт.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна эми имараттын артынан кирүүгө мүмкүн. Ал эми кийинки жылы тиешелүү аймактар жашылдандырылмакчы.

фонд 1

фонд 2

фонд 3

фонд 4

фонд 5

фонд 6

фонд 7

фонд 8

фонд 9

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×