Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу 31.07.2014 14:32

Туристтер Балыкчыга кире бериштеги мыйзамсыз базардын санитардык нормаларга жооп берерин текшерип берүүнү өтүнүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кире беришиндеги мыйзамсыз иштеп жаткан базар антисанитариялык абалда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына туристтер маалымдады.

Маалыматка ылайык, көбүнчө ал жерден балыкты туристтик автобус же жеке транспорттору менен келген туристтер сатып алат. Ышталган жана сүрсүтүлгөн балыктар чаңдан корголбостон, ачык турат. Туристтер аны колу менен кармап көрө алат.

Ошондой эле сатуучулар ары-бери өткөн унааларга балык сунуштап, жолдун жээгинде турушат.

Сатуучу Үпөл туугандары ыштап, сүрсүтүп даярдаган балыктарды сатат. Анын айтымында, бул алардын үй-бүлөсүнүнө көп эле киреше алып келет.

«Балык көлөмүнө жараша орточо эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин турат», - деди сатуучу.

Ал эми сатууга уруксат берүүчү жана ветеринардык кызматтын экспертизасына таандык документтер тууралуу суроого жооп кайтара алган жок.

Ошондой эле, туристтердин мониторинги боюнча мыйзамсыз иштеп жаткан базардын аймагында майда таштандылар, чымындар аны менен катар алыс эмес жерде даараткана жайгашып, санитардык нормага жооп бербейт.

Белгилүү болгондой, санитардык нормага жооп бербесе да балык туристтердин чоң талабына ээ. Сатуучулардын айтымында, сельдь жана горбуша балыктары Ысык-Көл көлүнөн алынат.

23 07 2014_былкчы рыба 1

23 07 2014_былкчы рыба 2

23 07 2014_былкчы рыба 4

23 07 2014_былкчы рыба 5

23 07 2014_былкчы рыба 6

23 07 2014_былкчы рыба 7

23 07 2014_былкчы рыба 9

23 07 2014_былкчы рыба 10

23 07 2014_былкчы рыба 12

23 07 2014_былкчы рыба 13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×