Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 31.07.2014 14:04

Ысык-Көлдө коомчулук менен бирге таштандылар жана агынды сууларды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрүлөт

Turmush -  «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жетекчилиги коомчулук менен бирге тиричилик катуу таштандыларды жана агынды сууларды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрөт.

Маалым болгондой, 4-6 августта Ысык-Көл облусунун 3 шаарында коомчулук менен кеңешме өтөт.

Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, 4-августта жолугушуу Балыкчыда, 5-августта Чолпон-Атада, ал эми 6-августта Каракол шаарында өтөт.

Жолугушууда экологиялык жана социалдык маселелер талкууланмакчы. Ошондой эле, катышуучулар долбоордун ишмердүүлүгү жөнүндө кошумча маалымат алып, өз ой-пикирлерин билдире алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×