Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.07.2014 12:21

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө автобекеттин жанына жаңы жол чырак коюлду

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» аллеясы менен Совет көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырак орнотулду.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакиров маалымдагандай, жол чыракты орнотуу мэрия тарабынан каржыланып, 490 миң сомду түздү. Ошондой эле, кыймыл көп болгондуктан автобекеттин жанына орнотулгандыгын кошумчалады.

Аны менен катар жүргүнчүлөр үчүн 2 жаңы жол чырак орнотуу каралууда.

Мындан тышкары, «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатына бурулган жердеги жол чырак оңдолгондугу маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×