Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.01.2014 16:31

Э.Каптагаев Каракол шаарынын муниципалитетине өзгөчө милдеттерди койду

Turmush -  Каракол шаарынын муниципалитети көптөгөн тапшырмаларды аткарууга жооп берет, өзгөчө ушул жылы, деп белгиледи өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Каракол шаарында жыл жыйынтыктоочу отурумда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Э.Каптагаев жергиликтүү бюджет боюнча салыктарды чогултуунун аткарылышын баса белгилөө менен муниципалитет кызматкерлери, шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары өзгөчө көңүл бура турган конкреттүү милдеттерди берди.

«Албетте, жергиликтүү бюджеттин планын аткаруу жана аларды туура сарптоону билүү жакшы, бирок силер өзгөчө көңүл бура турган чечиле элек көптөгөн маселелер бар. Бул болсо кошумча туруктуу жана убактылуу жумуш ордун түзөт, алдыда турган өнөр жай объекттери боюнча иштерди жүргүзүү, шаардын 145 жылдыгына даярдануу керек жана шаарды экологиялык жана санитардык тазалоо боюнча өзгөчө иштерди аткаруу зарыл», - деди өкмөт өкүлү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×