Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.01.2014 16:27

Э.Каптагаев Каракол шаарынын тарыхый көрүнүшүн сактоону архитекторлордон суранды

Turmush -  Каракол шаарында мыйзамсыз курулган жана курулуп жаткан объектилердин маселеси боюнча ишти аягына чейин чыгаруу керек, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бүгүн, 28-январда 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Өз кезегинде Каракол шаарынын архитектура башчысы бул маселе боюнча өкмөт өкүлү тапшырма бергенден кийин ири объекттердин ичинен 8 объектини сотко беришкендигин, мындан тышкары архитектураны жана шаардын башкы планын бузуу менен курулган майда объекттер бар экендигин билдирди.

Өкмөт өкүлү Каракол шаарынын мэриясына мыйзамсыз курулуш маселеси боюнча калкка туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле өкмөт өкүлү шаардын башкы планын сурап, орус чиркөөсү, мечит, көрпөс үйлөрү жана башкалар сыяктуу тарыхый жерлер менен туристтерди тартуу үчүн шаардын тарыхый көрүнүшүн сактоону сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×