Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.01.2014 14:29

Ысык-Көл облусундагы аңчылык жайлары начар абалда

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы аңчылык жайларынын учурдагы абалы начар. Бул тууралуу «Республика» фракциясынын Ысык-Көлдө болгон көчмө жыйынында маалымдалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кыргызстанда 73 аңчылык чарба бар болсо, алардын 23ү Ысык-Көл областынын аймагында жайгашкан жана алар үч багытта иш алып барат. Биринчиси, спортту өнүктүрүүгө, экинчиси аң терилерин даярдоого, ал эми үчүнчүсү чет элдик аңчылыкты уюштурууга ылайыкташкан.

Аңчылыктан ар жылы 30 млн сом мамлекетке түшүрүлүп турат. Бирок, ЖК депутаты Максат Сабировдун айтымында, Кыргызстанда 200 аңчы иштесе, 20 миң мергенчиге уруксат билеттери берилип келген фактылар учуроодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×