Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.04.2014 14:16

Каракол шаарындагы «Пушкин» эс алуу багына быйыл 2 аттракцион алынып келиниши пландалууда

Turmush -  Каракол шаарындагы «Пушкин» эс алуу багына быйыл эки карусель алып келүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу эс алуу багынын директору Канат Ишенбаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

К.Ишенбаевдин айтымында, жаштар 5 жылга түзүлгөн келишимдин негизинде 8 млн сомго паркка иш кылыш керек. Андан улам 2013-жылы 1 млн 200 миң сомго иштерди аткарышкан. «Ага ылайык быйыл да эки карусель алып келүүгө аракеттер көрүлүүдө», - дейт К.Ишенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×