Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.01.2014 13:09

Ысык-Көлдө учурда эндемикалык балыктардын запасы калбай калды

Turmush -  Мурда бир эле Тоң балык заводунда 11 млн балык өстүрүлүп келсе, азыркы убакта 500-600 миң гана балыктын чабактары өстүрүлөт. Бул тууралуу «Республика» фракциясынын Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйынында айтылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, алар тиешелүү деңгээлдеги салмакка чейин кармалбай, сатыкка чыгарылат. Ошол эле учурда Ысык-Көлдө учурда эндемикалык балыктардын запасы калбай калды.

Айта кетсек, балык чарбасы туруктуу иштеп турган кездерде ар жылы 1 миң 400 тонна балык чарбалык негизде кармалып келсе, кийинки мезгилде балыктын тукумун өстүрүү максатында 1 тонна гана балык кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×