Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.04.2014 10:57

Ысык-Көлдө Ооган жоокерлери ишемдиликке чыгышты, - өкмөт өкүлчүлүгү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ооган согушуна катышкан жоокерлер ишембиликке чыгышып, райондун аскер комиссариатында жайгашкан эстеликтин айланасын ирээтке келтиришип, жашылдандыруу иштерин жүргүздү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Тоң райондук ооганчылар бирлигинин төрагасы Т.Ибраев Ооган согушуна катышкан жоокерлер райондун коомдук турмушуна активдүү катышып жаткандыгын жана мындай иш-чаралар жума сайын уюштурулуп тураарын билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Тоң району боюнча 67 Ооган согушунун катышуучусу, 7 Ооган коогалаңында курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана 6 коогалаңда курман болгон жоокерлердин жесирлери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×