Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 11.04.2014 12:54

«Мен өлкөнүн патриотумун» урааны алдында Ысык-Көлдө мектеп окуучуларынын арасында сынак өттү

Turmush -  Ысык-Көл облустук Кызыл жарым ай коому кечээ, 10-апрелде Каракол шаарында «Мен өлкөнүн патриотумун» урааны алдында мектеп окуучуларынын арасында сынак өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтка айланган аталган иш-чара шаардык мектептердин окуучуларынын арасында өттү. Мектеп окуучуларын шарты боюнча, өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурларда жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, патриоттук ырларды аткаруу, спорт оюндары боюнча күч сынашты.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - балдарды шамдагайлыкка, командада иштөөгө, жардам берүүгө даяр болууга, патриоттуулукка үйрөтүү.

Сынактын жыйынтыгында шаардын №11 мектебинин окуучулары биринчи орунга жетишти. Экинчи орун № 15 мектептин командасына берилди. Үчүнчү орунга №1 мектептин окуучулары ээ болушту.

Айта кетсек, аталган иш-чара Апрель баатырларын эскерүү күнүнө карата жана Кызыл жарым ай коомунун негизделген күнүнө карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×