Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.04.2014 12:37

Тоңдун Темир-Канат айылынын мектеп окуучулары 300 түп балатынын көчөттөрүн олтургузушту

Turmush -  Тоӊ районунун Темир-Канат айылынын мугалимдери жана окуучулары ишембилик өткөрүп, метептин жанындагы бош жаткан жер аянтына 300 түп балатынын көчөтүн олтургузушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектеп жамаатынын айтымында, Темир-Канат айылындагы мектептин жанында 1 гектар жер аянты пайдаланылбай жаткан. Мектеп жамааты токой кызматкерлеринин жардамы менен алынган 300 түп балатынын көчөттөрүн ушул ишембилик күнү отургузушуп, ал жерди темир тор менен коргоп коюшту.

Метеп окуучулары ал балатыларды мал жанга тийгизбей, камкордукка алабыз, деп убада кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×