Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 11.04.2014 11:30

Ысык-Көлдө 138 жумушсуз адам ар кандай багыттагы окуутудан өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусу боюнча 3 ай аралыгында эмгек рыногуна керектүү кесиптер боюнча окуулар уюштурулду. Анын негизинде 138 жумушсуз адам окутууга жиберилди. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Искаков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Н.Искаковдун айтымында, алар айдоочу, компьютерде иштөө оператор, тигүүчү, кеңсе-катчы, эсепчи жана башка кесиптер боюнча окуутудан өттү. «Окууга төлөнгөн акча каражаты 528 миң 004 сом болду, стипендияга 72 миң 750 сом. 2014-жылдын 3-айында орто эсеп менен бир окуучуга 2537 сом, стипендияга 260 сом жумшалды. Окуутунун орточо мөнөтү 2 ай болду», - дейт Н.Искаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×