Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.04.2014 18:23

Ысык-Көлдүн Бөрү-Баш айылында суу каналдары иретке келтирилди

Turmush -  Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылдык суу пайдалануучулар ассоцияциясынын башчысы Мукан Ашымов билдиргендей, Бөрү-Баш айылына сугат суусун жеткирүү боюнча атайын эл аралык долбоор иштеп, анын аркасында чоң канал курулган.

«Бирок, долбоордун талабы так аткарылбай, иш чала бүткөрүлгөндүктөн улам арыктын көпчүлүк бөлүгүнүн чеке-белин суу жеп, айрым айдоо аянттарына сугат суусу жетпей, натыйжада сугат аянттарынын алды эррозияга учурай баштаган. Ошондон улам айыл эли түп көтөрүлө чыгышып, 10 чакырымга созулган бул каналды жума бою акыр-чикирлерден тазалап, бузулган жерлерин толук оңдоого алып чыгышты», - дейт ал.

Бул үчүн айыл аймагынан бир тыйын дагы акча каражаты сарпталган жок. Айыл эли аны ашар ыкмасы менен жүзөгө ашырып алышты. Эми айылдыктар сугат сууларынын тартыштыгын сезишпейт.

Мындан тышкары Бөрү-Баштыктар ар жума сайын ишембилик өткөрүшүп, айылдын сырткы келбетин оңдоп, бак олтургузушуп, короо-жайларын иретке келтиришип, үйлөрүн актап-сырдашууда. Бул иштер областта кабыл алынган көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 3 айлыктын жүрүшүндө өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×