Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 09.04.2014 16:59

Тоӊ районунда жол жээгиндеги эски бактар кыйылып, жаш көчөттөр тигилди

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунун мекеме ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 3 айлыктын алкагында ишембилик өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Төрт-Күл айыл аймагынын башкармалыгы билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Аталган ишембиликте райондун кызматкерлери, айыл тургундары жол жээгиндеги электр зымдарына тоскоолдук жараткан жана куураган бактарды кыйып, жаш көчөттөрдү олтургузушту. Ошондой эле, Төрт-Күл айылындагы 41 га аянтка суу келүүчү арыктар менен каналдар тазаланды.

Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн кызматкерлери билдиргендей: «Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында көчөлөргө жарыктар орнотулду. Эми мекемелер менен мектептердин имараттарынын айланасына 500 түп балатынын көчөтүн отургузуу пландалууда».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×