Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.04.2014 14:58

Балыкчы шаарында Апрель баатырларына арналган эстелик салтанаттуу ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Апрель баатырларына арналган эстелик тургузулуп, анын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Балыкчы шаарынан Сталбек Саманчиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарында Апрель баатырларына арналган эстеликтин ачылыш аземи өткөрүлгөн. Ага шаар бийлиги, Апрель баатырлары катышты.

Анда каргашалуу окуяда каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Апрель окуясында каза тапкан баатырлардын үй-бүлөлөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан 5 миң сомдон, Апрель окуясынын катышуучуларына 1 миң сомдон жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×