Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 09.04.2014 12:25

Ысык-Көлдө бүгүнкү күндө 5106 адам жумуш издеп каттоодо турат

Turmush -  Ысык-Көл областы боюнча үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата 5106 адам жумуш издеп каттоого турган. Алардын 4357си жумушсуз деп табылган. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Искаков билдирди.

Анын айтымында, жумушсуз деп белгиленген адамдардын ичинен 2330у же 53,5%ы аялдар, ал эми 16-28 жашка чейинки жаштар 1766сын же жумушсуз адамдардын 40,5%ын түзөт.

Жумушсуздардын арасында 37,5% (1636) көптөн бери жумуш издегендер, 39%ы (1701) биринчи жолу жумуш издегендер, 42,4%ы (1848) кесиби жок жумушсуздар, 16,6%ы (725) жумушунан кыскартылган адамдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×