Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.04.2014 19:13

Ысык-Көл облусунда 18 пансионаттын тазалоочу курулмалары жок, - облустук санэпид борбору

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан 18 пансионаттын тазалоочу курулмалары жок. Бул тууралуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Малик Мамбетов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бул себептен улам 2013-жылы 12 пансионаттын ишмердүүлүгү токтотулган.

«Эгерде бул жылы пансионаттар тартип бузууларды токтотпосо, анда алар иштөө үчүн уруксаат алышпайт», - деди ал.

Мамбетов билдиргендей, тазалоочу курулмалар төмөнкү пансионаттарда жок: «Береке», «Жетиген», «Мүрөк», Moon way travel, «Голубая бухта», «Солнышко», «Кооператор», «Деңиз», «Лазурный берег», «Ак Жол», «Олимп», «Саякат» жана башка.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×