Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.04.2014 18:15

Караколдо «Коомчулуктагы тынчтыкка тынчтык жана макулдук» долбоору ишке ашууда

Turmush -  Караколдо «Лидерлик» демилгечи топ менен «Коомчулуктагы тынчтыкка тынчтык жана макулдук аркылуу» кичи долбоору ишке ашууда.

Уюштуруунун жетекчиси Анастасия Стыценко билдиргендей, долбоордун максаты - коммуникациялардын маданият аралык шарттарын күчөтүү жана Караколдун 14 жаштан 25 жашка чейинки 15 жаш адамдарды тынчтык курууга, толеранттуулукка жана көп түрдүүлүккө үйрөтүү аркылуу өз ара аракеттешүү болуп эсептелинет.

Анын айтуусунда, 12-апрелде долбоордун катышуучулары жана алардын достору үчүн долбоорду ишке ашыруу процессинде алган билимдерди бекемдөө үчүн Encounter оюну өтөт.

«Учурда командаларды топтоо жүрүүдө, анда жок дегенде үч улуттун өкүлдөрү болушу керек, тандап алуу мектеп окуучулары арасында жүрүүдө. Бардык катышуучулар видеоролик түзүү жана толеранттуулук боюнча билим алышат, кийин алар өздөрү түзүшөт. Ошондой эле учурда толеранттуулук темасына арналган спектаклге даярдык жүрүүдө», - деди ал.

Кичи долбоор «Толеранттуулукту жылдырууга жаштардын катышуусу жана Кыргызстандагы маданий көп түрдүүлүктү сыйлоо» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×