Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.04.2014 15:05

Каракол шаарындагы Пушкин атындагы парк калыбына келтирилүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Пушкин атындагы парк калыбына келтирилүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мэрия жетекчилигинин маалыматында, Пушкин атындагы парк көп жылдардан бери шаар бийлигинин көңүлүнөн сырт калып, каражаттын жоктугунан каралбай келген.

Сейил бак Асылбек Бабаев жетектеген жаштардын «Табылга» борборуна узак мөөнөттүү ижарага берилген. Учурда анын ичи толук оңдолуп-түзөлүп, бак-дарактардын көчөттөрү олтургузула баштады. Парктын тегерек-чети темир кашаалар менен тосулуп, ичиндеги балдар ойноочу аттракциондор оңдолду. Шаар мэриясынын, шаардагы уюм-мекемелердин бардык эмгек жамааттары ишембиликтерге чыгышып, анын ичин акыр-чикирлерден толук тазалап чыгышты. Учурда актап-сырдоо, бак тигүү жумуштары колго алынып жатат.

«Шаардык мэриянын аракети менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу тарабынан 8 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул акча аталган паркты калыбына келтирүүгө жана ал жакка алып келүүчү Гагарин көчөсүн Алыбаков көчөсүнөн баштап калыбына келтирүү пландалууда», - деп билдирди шаардык мэрия.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×