Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 08.04.2014 13:29

Чолпон-Атада бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча ишембилик өткөрүлүүдө

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында эртең, 9-апрелде ПМК районунда жана борбордук жолунда көчөттөрдү отургузуу боюнча ишембилик өткөрүлөт, деп билдирди вице-мэр Алмаз Байгазиев.

Анын айтуусу боюнча, жаш бактар ошондой эле Лениндин, Афганчыларга арналган эстеликтердин аймагында жана шаардагы бардык мектептердин айланасына отургузулат.

«Биз шаардын баардык аймактарына бак-дарактарды масштабдуу отургузууну пландап жатабыз», - деди А.Байгазиев.

Ишембиликке шаардын баардык уюмдары, ошондой эле жергиликтүү тургундар дагы тартылууда. Теректин 200 көчөтү, карагайдын 50 көчөтү жалпысынан 1 миң жаш бактар отургузулат. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана Айлана чөйрөнү коргоо фондунан бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×