Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.04.2014 13:11

Саруунун айрым тургундары Кумтөрдөн пара талап кылууга шектелип кармалгандарды колдоо үчүн Бишкекке келишет

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын айрым тургундары Кумтөрдөн акча талап кылуу боюнча кармалган Бактияр Курмановду жана Эрмек Жунушбаевди колдоо үчүн Бишкекке барышат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, айыл аксакалдары ички иштер бөлүмүнө «Кумтөр» компаниясынын менеджеринен 3 млн доллар талап кылуу боюнча сот иши болорун билдиришкен.

«Эртең сот ишин кароо болот. Ал эми 10-апрелдеги митинг тууралуу расмий тастыктоо келип түшкөн эмес», - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, Саруу айылынын тургундары алардын 300 өкүлү борбор шаарга 10-апрелде өтүүчү оппозициянын митингисине катышууга кетишти, деп билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×