Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.04.2014 09:21

Саруу айылындагы штаб фоторепортаж

Turmush -  АКИpress агенттигинин кабарчысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын буга чейин митингге чыккан жашоочуларынын штабында болуп кайтты:

Сарууга биз 18:30дар чамасында бардык. Айыл ээн жана адамдар жоктой сезилди. Бир гана айыл башкармалыгынын имаратынын жанында бир нече автоунаалар токтотулуп, спорт кийимчен бир нече адамдар туруптур. Белгилүү болгондой, айыл башкармалыгынын имараты жанында мурунку айыл кеңешинин имараттары бар экендиги белгилүү болду, учурда ал жолду тосууларга катышкан саруулуктардын штабы болуп эсептелет.

Адамдар көпкө чейин кабарчыларды жана видеокамераларды карап жатышты. Кайсыл телеканал жана маалымат агенттигинен экендигин такташты. Биздин арабызда мамлекеттик телеканалдын өкүлдөрү жок экендлигине ынанган соң, алар бизге штабка кирүүгө уруксат беришти.

Бөлмөлөрдүн биринде балдар стол теннисин ойноп жатышыптыр, жанында музыка жана эс алуу үчүн бөлмөсү бар экен. Штабдын бөлмөлөрүнүн биринде саруулуктардын жакынкы арага пландары жана схемалары тартылган плакаттар илинип турат. Кээ бир бөлмөлөрдүн эшиктериннин кармагычтары сындырылган. Активисттердин биринин айтуусу боюнча, бул атайын отряддын чабуулу учурунда болгон.

Штабдын имараты алдында «Кумтөр» жөнүндө жана ишкана экологияга жана жергиликтүү калкка кетирип жаткан зыяны тууралуу маалыматтар менен плакаттар илинип турат.

Өзүн тааныштыруудан баш тарткан саруулук тургундун айтымында, учурда Саруунун 300гө жакын жашоочулары 10-апрелде оппозициянын курултайына катышуу үчүн Бишкекке кетишкен. Ошондой эле калган Саруу айылынын жашоочулары айылдын өзүндө тынчтык митингине чыга тургандары айтылды.

Саруулуктардын талаптарынын бири, баягыдай эле Кумтөрдү улутташтыруу жана айылдаштарын Бишкектеги УКМКнын СИЗОсунан бошотуу болуп эсептелинет.

Саруунун жашоочулары, алар «азыркы бийликке каршы эмес экендиктерин» белгилешти. Аларды бир гана талаптардын аткарылышы кызыктырат.

Белгилүү болгондой, көптөгөн активисттер жумушсуз жарандар. «Буга чейин биз коммерция менен алектенчүбүз, кимдир бирөөлөрү фирмаларда иштечү. Негизинен биз Россияда иштеп жүрүп келгенбиз. Учурда бизге жашоого жергиликтүү жашоочулар жардам берип жатышат, алар тамак жана акча алып келишүүдө. Биз аларды штабдын керектөөлөрүнө жумшап жатабыз», - деди активист.

1 

2 

3 

4 

5 

6 

7 

8 

9 

10 

11 

12 

13 

15 

16 

17 

18 

19 

20

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×