Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.04.2014 16:13

Караколдо гүл өстүрүү үчүн күнөскана курууга 300 миң сом керектелүүдө

Turmush -  Каракол шаарын көрктөндүрүү үчүн гүлдөрдү өстүрүүгө күнөскана жок. Ал эми аны курууга 300 миң сом керек экен, деп билдирди «Тазалык» ишканасынын агроному Андрей Комобалов. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

А.Комобаловдун айтымында, күнөскананын жоктугунан шаарга жетиштүү гүл өстүрүү мүмкүн болбой жатат. «Күнөскана шаар үчүн аябай керек болууда. Анын жоктугунан шаарга 50 миң гүл керек болсо, 10 миң гана гүл даярдап атабыз. Бул маселе боюнча шаар башчысы жардам берем деген. Бирок курулса жакшы болмок. Биздин эсептөөбүздүн боюнча болжол менен 300 миң сом керек экен», - дейт А.Комобалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×