Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.04.2014 09:50

Каракол шаарынын аймагына отургузуу үчүн 10 миң гүл даярдалууда

Turmush -  Каракол шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн учурда 10 миң гүл атайы жайда өстүрүлүүдө. Алар май айынан баштап шаардын аймактарына тигиле баштайт. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын агроному Андрей Комобалов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

А.Комобаловдун айтымында, бул гүлдөр бир жылдык. «Петуния гүлү шаар үчүн ынгайлуу. Анткени, бир гүл эсептегенде 5 сомго чейин айланат. Биринчиден арзан болгону менен экинчиден шаардын аба ырайына туруктуу. Анан аябай деле кам көрүүнү талап кылбайт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×