Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.04.2014 13:51

Караколдо ичүүчү суу маселесине байланыштуу, жашоочулардын арызы боюнча түзүлгөн комиссия текшерүү ишин жүргүздү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында атайын түзүлгөн комиссия 31-март күнү «Кашка-Суу» кичи районунун жашоочуларынын жамаатык арыздануусун кароо максаты менен текшерүү жүргүздү.

Аталган райондун №6,7 үйдүн жашоочулары ичүүчү суу берүү маселеси боюнча, ичүүчү суу менен жылуулук системасынан чыккан техникалык суунун аралашып жаткандыгы тууралуу арызданышкан, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган комиссиянын курамына Каракол шаардык кеңештин транспорт, жол, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Айсаракунов, Каракол шаардык кеңештин жетектөөчү адиси М.Шаршенов, шаардык мэриянын турак-жай коммуналдык чарба секторунун жетекчиси Эрлан Орозакун уулу, «Водоканал» ишканасынын башкы инженери Т.Орозобеков жана башкалар кирет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Водоканал» ишканасынын жетекчилигине бир айлык мөөнөт ичинде №6,7 үйлөрдүн жашоочулары тарабынан суу үчүн төлөнгөн каражат боюнча ушул жылдын 28-январынан баштап 26-февралына чейинки актыга ылайык кайра эсептешүү жүргүзүү көрсөтмөсү берилди.

«Жылуулук» ишканасынын жетекчилигине жылуулук энергиясы үчүн жашоочулар тарабынан төлөнгөн каражаттын суммасын тактоо тапшырмасы берилди.

«Кашка-Суу» кичи районунун туракжай ээлеринин шериктигине жашоочуларга тирөөчтөрдү алмаштыруунун зарылдыгы жөнүндөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул максатта ар бир батир канча каражат бере ала тургандыгын тактоо иши жүктөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×