Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 02.04.2014 10:49

Ысык-Көлдө 7-апрелде боло турган жыйында бул окуяны чагылдырган кыска метраждуу көркөм тасма көрсөтүлөт

Turmush -  Ысык-Көлдө 7-апрель күнүнө карата областтык драма театрында өтө турган салтанаттуу жыйын апрель окуясын чагылдырган кыска метраждуу көркөм тасма менен ачылмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бул тасма көпчүлүктүн эсине 7-апрель элдик революциясын эске салуу менен, анын тарыхтагы ордун даңазалоо максатында даярдалууда.

Ошондой ал күнү областтагы 7-апрелде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө куран окутулуп, (каза болгондор облус боюнча 11, жаракат алгандар 40) аларга материалдык жардамдар көрсөтүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×