Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.03.2014 15:54

Ысык-Көл облусунда өткөн жалпы ишембиликке 15 миңден ашуун жаран катышты

Turmush -  29-мартта Ысык-Көл облусунун аймагында өткөн жалпы облустук ишембиликтин жүрүшүндө, «Ысык-Көлүм-ыйык мурасым» девизи алдында калктуу конуштарды санитардык тазалоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында өткөн ишембиликке облус боюнча 398 уюм, жамааттардан 15 миңге жакын адам катышты.

Анда 746,5 тонна таштанды чыгарылып, 11,5 км көчөгө жарыктар орнотулду. Жалпысынан 9 миң 105 даана бактын көчөттөрү отургузулса, анын ичнен 1 миң 822и ийне жалбырактуу бактар. Мындан тышкары башка дагы иштер аткарылып жатат. Мисалы, Чолпон-Ата шаарындагы борбордук мечиттин жанына автоунаа токтотуучу жай жана борбордук базардын жанына аялдама тургузулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×