Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.03.2014 18:19

Ысык-Көл облусунда өкмөт өкүлчүлүгүнн кызматкерлери ишембиликке чыгышат

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты эртең, 29-мартта облусттук администрация имаратынын аймагына бактарды отургузушат, деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы.

Анын айтымында, эртең ишембиликке өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери чыгат жана ийне жалбырактуу бактардын 200 жана теректердин 100 түбү отургузулат.

Ошондой эле облустун баардык аймагы боюнча ишембилик уюштурулат, ага жергиликтүү аймактардын жашоочулары катышат. Ар бир райондо штабдар түзүлөт, алар ар бир 3 саатта ишембиликтин жүрүшү менен маалымат берип турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×