Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.03.2014 16:50

Караколдо 3 күндөн бери суусу жок турган аймактарга суу кое берилди

Turmush -  Каракол шаарынын 3 күндөн бери суусу жок турган аймактардын тургундары бүгүнтөн баштап суу менен камсыз болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

«Суу түтүк» ишканасынын башкы инженери Таалайбек Орозобековдун айтымында, аталган ишкана тарабынан эки күн оңдоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн шаар тургундары суу менен камсыз болду.

Эске салсак, Кашка-Суу кичи районунун Фучик көчөсү, Пушкин сейил багы жана Зоопарктын аймагында башкы суу түтүк аварияга учурап, үч күндөн бери ичүүчү суусу жок болчу.

Т.Орозобековдун айтымында, Каракол суусунун башында турган башкы түтүктөн суу тамчылап жаткандыктан оңдоп-түзөо иштери жүргүзүлгөн. «Кээ бир ММКда туура эмес маалыматтар кетиптир. Дамба жарылган деле эмес, болгону кышкысын суу тоңуп, азыр кайра ээрип тамчылап жаткандыктан оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Кечээ бүтүп, бүгүн аталган район суу менен толук кандуу камсыз болду», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×