Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.03.2014 14:35

Караколдо «Сууканал» ишканасына тиешелүү дамба жарылып, шаар тургундары үч күндөн бери суу тартыш

Turmush -  Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунун Фучик көчөсүнүн жана Пушкин сейил багындагы Зоопарктын аймагындагы шаар тургундары үч күндөн бери ичүүчү суусу жок отурушат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шаардын бир тарабындагы калктуу конуштарда суунун жоктугу тургундардын айтымында, «Сууканал» ишканасына тиешелүү суу чыпкалоочу жайдын аймагында дамба жарылып, суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.

«Сууканал» ишканасы ал бузулган дамбаны калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Алар шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында автоунаалар менен суу ташууну уюштурушкан. Бирок, ал автоунаа менен ташылган суу көпчүлүктүн керектөөсүн толук канааттандыра албай жатат», - дейт жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×