Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.03.2014 17:49

Ысык-Көлдө окуучулар жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоого тартылат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары практикалык көнүгүүлөр менен жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо иштерине тартылат. Мындай маалымат бүгүн, 26-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев менен Жети-Өгүз районунун активисттери, айыл аймактарынын жетекчилери менен болгон жолугушуу учурунда айтылды.

Анда, райондогу мектептердин окуучуларын айлана-чөйрөнүн экологиясын сактоого тартуу зарыл, деп белгиленди.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев, калкты аймактын тазалыгын сактоого тарбиялоо менен көндүрүү зарыл жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда масштабдуу иш-чара уюштуруу зарыл, деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×