Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.03.2014 17:27

Унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жолдорду кеңейтүү зарылчылыгы келип чыгууда, - Э.Каптагаев

Turmush -  Унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жолдорду кеңейтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул тууралууөкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев бүгүн, 26-мартта Жети-Өгүз районунун активи менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, кызыл сызыктан ашып кеткен курулуш, турак-жай болобу баары тең ирээтке келтирилиш керек.

Аны менен катар Э.Каптагаев көркү жок, тескери таасир берип жаткан майда соода-сатык үйлөрүн, алардын көрнөк-жарнактарын бир тартипке салуу жана жол боюндагы аялдамаларды ирээтке келтирүү боюнча район башчысы-акимге жана айыл аймак башчыларына бир катар тапшырмалар берилди.

Бул тапшырмалардын аткарылышы боюнча райондук штаб түзүлүп, жакынкы мезгилде өз иштерин башташмакчы, деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×