Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.03.2014 17:10

Өкмөт өкүлү Э.Каптагаев Ысык-Көлдүн ар бир айылдарында таштандыларды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча тапшырма берди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 3 ай аралыгында ар бир кокту, сайлар акыр-чикирлерден тазаланышы керек жана таштандылар төгүлүүчү жайлар мүмкүн болсо ар бир айыл жеринде уюштурулушу керек, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бүгүн, 26-мартта Жети-Өгүз районунун активи менен болгон атайын жыйында.

Өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган жыйында негизги 4 маселе каралды. Алар: жазгы–талаачылык жумуштарына болгон даярдыктар, облус аймагында жарыяланган санитардык тазалык, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жарыяланган «Ысык-Көлүм - ыйык мурасым» аттуу 3 айлыкта алып барылуучу иштер тууралуу. Ошондой эле, ички суу чарба каналдарын тазалоо жана сел жүрүү коркунучтарынын алдын алуу иш-чараларын көрүү маселелери боюнча болду.

Бул жыйынга областтык мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышышты. Жеринде көтөрүлгөн маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Э.Каптагаев тийиштүү тапшырмаларды берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×