Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 25.03.2014 16:13

Ысык-Көл облустук Санэпид көзөмөл кызматына пландан тышкары текшерүүгө укук берүү сунушталууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун саэпид көзөмөл кызматына жайкы туристтик мөөнөттө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө укук берилиши керек. Мындай сунушту КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Уланбек Маликов Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеӊешмеде билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Өкмөт өкүлүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, Санэпид көзөмөл станциясы жобо боюнча коомдук жайларды (кафе, ресторан, ашканалар) санитардык текшерүү алдында жазуу жүзүндө эскертүү жөнөтөт.

Аппарат жетекчиси Уланбек Маликов белгилегендей, мындай текшерүү эч кандай натыйжа бербейт. «Ал эми биздин облус туристтик зона катары эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугу жөнүндө ойлонууга тийиш», - деди ал.

Туризмди өнүктүрүү боюнча кеӊешмеге КР өкмөтүнүн туризм боюнча департаментинин директору Максат Чекиев, туроператорлор асоциациясынын өкүлдөрү, туризмди өнүктүрүү боюнча облустук кеӊештин мүчөлөрү - акимдердин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери, пансионаттардын жана ден соолук чыӊдоо жайларынын жетекчилери катышты, дейт Н.Муканбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×